Египетте март айында өткөн президенттик шайлоого келбеген жарандарга айып салынат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Египеттин улуттук шайлоо комиссиясы 2018-жылдын март айында болгон президенттик шайлоого катышпаган тургундардын тизмесин Башкы прокуратурага берген. Шайлоого жүйөөсүз себептер менен келбей койгон ар бир шайлоочуга 28 доллардан айып салынат.
Айта кетсек, март айында Египетте президенттик шайлоо болуп өткөн. Анда 60 миллион шайлоочунун ичинен 34 миллион 823 адам шайлоого такыр келбей койгон. Буга карабастан 22 миллион шайлоочунун добушун алган Абдель Фаттах ас-Сиси президент болуп шайланган.