Viber ката жазып жөнөтүп алган билдирүүнү оңдоо функциясын киргизди

Viber тиркемеси маектешине ката жазып кетирип алган билдирүүнү ошол замат оңдоо функциясын киргизди. Бул тууралуу Viber тиркемесинин социалдык тармактагы баракчасында жарыяланды.

Эгер сиз маектешиңизге ката жазылган сөздөрдү кетирип алсаңыз, жөнөтүлгөн билдирүүнү дароо оңдоп коё аласыз. Ал үчүн жиберилген билдирүүнү бассаңыз, экрандын бетине меню чыгат. Арасынан катаны оңдоо ("edit" же "редактировать") пунктун тандасаңыз, катаны оңдоп кайра жиберүү мүмкүнчүлүгү жаралат.

Учурда бул функция Android операциялык системин колдонгондор үчүн гана жеткиликтүү. Адитсер iOS операциялык системи аркылуу иштеген телефондор үчүн дагы бул функцияны киргизүүнүн үстүнөн иштешүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан