Нью-Йорк шаарынын жашоочулары өздөрүнүн ким экендигин тастыктай турган жеке документтеринде үчүнчү - "белгисиз" деген жынысты жаздырып алууга укук алышты. Тактап айтканда, "аял", "эркек" деген документтеги жынысын билдирүүчү пунктка каалоочулар "белгисиз" деген үчүнчү пунктту жаздырып алышса болот. Мындай мыйзамдын күчүнө киришине кол койгондугун Нью-Йорк шаарынын мэри Билл де Блазио Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.
Мэрдин айтуусу боюнча, бул чечимди кабыл алууга шаардын өзгөчө көз караштагы тургундарынын жазган арыздары себеп болгон. "Көптөгөн жылдар бою өз көз карашына дал келбеген документтер, кагаздар менен жашап келген жашоочулар арыздарды беришти. Жаңы киргизилген үчүнчү жыныс дал ушул өзүн аялдарга да эркектерге да кошпогон адамдар үчүн мыйзамдашып, "белгисиз" деп берилди", - деген мэр.
Учурда жашоочулары жынысын "белгисиз" деган статус алып жүрүүсүнө уруксат берилген жалгыз өлкө бул - Австралия. Ал жакта жыныстын 3 группасы бар: "эркек", "аял" жана "белгисиз".