
АКШдагы Йорка университетинин окумуштуулары атайын изилдөө жүргүзүп, адам баласы өзүнүн эс-тутумунда канча адамдын жүзүн эстеп калуусу мүмкүн экендигин аныкташты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, изилдөөнүн жыйынтыктары окумуштууларды таң калтырган. Окумуштуулар адамдарды чакырып "жүзүн эстей алган адамдарды тизмеге жазгыла" деген тапшырма беришкен. Алгач алардан досторун, жакындарын, кесиптештерин жана классташтарын тизмеге жазуусун суранышкан. Тизмени түзгөнгө 1 саат убакыт берилген.
Изилдөөнүн жыйынтыгында адам орточо эсеп менен 5 миң адамдын жүзүн эс-тутумуна сактап жүрөрү аныкталган. Эң минималдуу көрсөткүч миң адам болсо, эң максималдуу көрсөткүч 10 миң адам болгон. Окумуштуулардын айтымында, 10 миң адамдын жүзүн эстеп калуу адам баласы үчүн чек эмес.