Космоско учкан кеме кырсыкка учурады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Казакстандагы "Байконур" космодромунан учурулган "Союз" кемеси кырсыктап, учкучтар кайра кайтууга аргасыз болушкан.
"Кеме 11-октябрда саат 11:40та учкан. Бирок анын кыймылдаткычтарынын бири жарактан чыккан. Кеменин ичинде орусиялык космонавт Алексей Овчинин жана НАСАнын астронавты Ник Хейг болгон. Алар куткаруучу капсула менен Казакстандын аймагына түшкөн", - деп жазылат маалыматта.
Ал эми "Роскосмос" азыркы тапта бардык "Союз" кемелери текшерилип жаткандыгын билдирген.