Өкмөт башчы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытованын кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытованын кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда SUPER.KG порталына өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр бүгүн кол койду.

Лунара Мамытова 9-октябрда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Буга чейин Башкы прокуратура Лунара Мамытова 2017-жылдан тарта 2018-жылдын сентябрь айына чейин 3 жолу (АКШ, Германия, Италия) кызматтык сапар жасаганын аныктаган. Мамытова кызматтык сапарга чыгуу тартибин бузуп, сапарлардын жыйынтыгы боюнча билдирүүлөрдү жана отчётторду берген эмес. Мындан тышкары ал сапарлары аяктаган соң дипломатиялык паспортторду министрликтин тиешелүү бөлүмүнө өз убагында тапшырбаганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан