Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри кызматына Адыл Каниметов шайланды. Анын талапкерлигине 18 депутат добуш берди. Каниметовдун атаандашы болгон Эрлан Айсаракунов 11 добушка ээ болду.
Каниметовдун талапкерлигин 4 фракция (КСДП, "Кыргызстан", "Республика-Ата Журт" жана "Өнүгүү-Прогресс") сунуштаган. Ал эми Айсаракуновду "Табылга" фракциясы көрсөткөн.
Каракол экс-мэри Данияр Арпачиев өз каалоосу менен арыз жазып кызматтан кеткен. Буга чейин шаардык кеңеш Арпачиевге ишеним көрсөтпөө боюнча премьер-министрге 2 ирет кайрылган. Бирок өкмөт башчы Арпачиевдин жакшы иштеп жатканын айтып, ишеним көрсөтпөөнү токтотуп турууну сураган.
Каниметов Адыл Жангорозович 1977-жылы 12-декабрда Ысык-Көл облусунун Түп айылында туулган. Ал экс-депутат Жангороз Каниметовдун уулу.
Буга чейин Адыл Каниметов эки жыл Караколдун вице-мэри кызматын аркалаган.