Аксы районунун Мукур айылында 20 гектардан ашуун жайыт өрттөнүп жатат. Бул тууралуу 12-октябрда ЭЛДИК КАБАРга WhatsApp аркылуу байланышкан окурман билдирди.
"Күйүп жаткан жерге өрт өчүрүүчү унаа бара албагандыктан элдер өз күчү менен өчүргөнгө аракет кылып жатат. Катуу шамал тилсиз жоону өчүрүүгө тоскоол болуп, өрт күчөп жатат", - деп билдирди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.