"Бишкек шаарындагы №47-мектебинде окуган 9-класстын окуучулары, 8-класстын окуучусунан опузалап акча талап кылып, аны ур-токмокко алышты", - деп бүгүн, 13-октябрда SUPER.KG порталына жаракат алган окуучунун апасы Асель Мырзабекова айтып берди.
Анын айтымында, кечээ, 12-октябрь күнү 9-класстын 2 окуучусу уулунан опузалап акча талап кылган.
"Балам аларга акчаны бербей коюп, 9-класстын окуучулары аны эсин жоготконго чейин ур-токмокко алышты. Натыйжада уулумдун баш мээси чайкалып, үстүңкү эрини айрылып, алдыңкы 2 тишинен жаракат алды. Азыркы тапта уулум ооруканада даарыланып жатат. Азырынча ээриндерин тигип, стоматолог тишин даарылап жатат.
Биз Ленин РИИБине арыз менен кайрылдык. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Бүгүн мектептин директору жана анын орун басары келип, баламдын абалын көрүп кетишти. Алар тийиштүү чаралар көрүлө тургандыгы боюнча убада беришти.
Ошондой эле ур-токмокко алган баланын апасы дагы кечирим сурап келди. Ал баланын атасы Ички иштер министрилигинде иштейт экен", - деп айтты Асель Мырзабекова.
SUPER.KG порталы бул боюнча экинчи тараптын да билдирүүсүн угуп, жарыялоого даяр.