Бишкек шаарында 8-класстын окуучусунан акча талап кылып, ур-токмокко алган окуучуларга 2 берененин негизиннде кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 13-октябрда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы маалымдады.
"Ур-токмокко алган окуучуларга 2 берененин негизинде кылмыш иши козголду. Алар Кылмыш-жаза кодексинин “бейбаштык” жана "опузалап акча талап кылуу" беренелери менен кылмыш иши козголду. Азыркы тапта тергөө иштери жүрүүдө", - деп кабарлады басма сөз кызматы.
Бишкек шаарындагы №47-мектебинде окуган 9-класстын окуучулары, 8-класстын окуучусунан опузалап акча талап кылып, аны ур-токмокко алышкан.