Бишкекте мектепте сабалган окуучунун да, аны сабады делген баланын да атасы Ички иштер органдарында иштеген. Тергөө ИИМдин көзөмөлүндө

Ушул жылдын 12-октябрында Бишкек шаарындагы №47-мектепте 9-класстын окуучулары тарабынан 8-класста окуган өспүрүм сабалгандыгы маалымдалган. Бул окуяны Ички иштер министрлиги өзү көзөмөлгө алганын аталган мекемеден кабарлашты.

Маалыматта 9-класста окуган бала өзүнөн бир жаш кичүү окуучудан акча талап кылып аны сабагандыгы айтылган. Жабырлануучунун баш мээси чайкалып, үстүңкү эрини жанчылып, мурдунун сөөгү сынып ооруканага жаткан. Бул факты боюнча Ленин райондук ички иштер бөлүмү Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (опузалоо), 234-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш ишин козгогон.

"Тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырланган өспүрүм окуя тууралуу айтып берди. Анын айтымында, ошол күнү мектептин жанындагы дүкөнгө азык алуу үчүн бара жаткан. Алдынан 9-класстын 2 окуучусу келе жаткан, ал экөөнүн ортосунан өтүп бара жатып М. аттуу окуучуну далысына сүзүп алган. Мындан улам алардын ортосунда чыр чыгып, М. аны сабап салган.

Ал эми опузалап акча талап кылганын жабырлануучу ата-энесинин көзүнчө тастыктаган жок.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында, сабаган окуучунун атасы ИММде иштейт деген маалыматтар тараган. Тергөө иштери аныктагандай, жабырлануучунун да, аны сабаган окуучунун да аталары мурда Ички иштер органдарында иштешкен, учурда пенсияда. Жабырлануучунун атасы 2013-жылы, шектүүнүн атасы 2017-жылы пенсияга чыккан. Бул тергөө иши ИММдин көзөмөлүндө турат", - деп жазылат маалыматта.

Бишкекте 8-класстын окуучусу сабалып, ооруканага түштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
patiydin
2018-10-15 08:06:49
Мындан келип чыгат, карга карга менен эмес палапандары чокулашыптырда. Алар оздорунчо келишип алышып сот болбойт.
+5
Azyk_tegin
2018-10-15 23:00:21
patiydin, Кыргызчасы "балапан" "палапан" деген сөз жок
+1
engel
2018-10-15 08:18:17
Аталарына ишенип кылып жатышат да...
+4
amirrus
2018-10-15 09:10:13
ХХХХХХ гана балдары...
+1
arno2008
2018-10-15 10:01:23
Тынч эле келишип алышсын ,соттоткондо эмне.Баланын алтын башы аман,кудай буюурса жакшы болуп кетет.Түрмөөдөн эч качан адам оңолбойт.
+4
KOCMOC
2018-10-15 10:48:32
ИММ эмес ИИМ дегилечи
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан