КҮНСЕРЕП: Бийликте 1 жыл: Жээнбеков эмнени өзгөрттү?

Бүгүн, 15-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Сооронбай Жээнбековдун президенттикке шайланганына 1 жыл толду. Мунун урматына президенттик жарышта Жээнбековдун штабын жетектеген Фарид Ниязов билдирүү жасады. “Бүгүнкү күндө коомчулуктун бир бөлүгү мамлекеттин ички саясатында болуп жаткан өзгөрүүлөргө ирээнжип турат, бирок тарых баарын таразалайт” дейт Ниязов. Ал элди, өзгөчө жеңил эмес шартта Жээнбековго үгүт жүргүзгөн, шаар-кыштактардагы тарапташтарын шайлоодогу жеӊиш менен куттуктады. Ниязов билдирүүсүндө былтыркы жеӊиштин башкы каарманы болгон президент Жээнбековду куттуктоону туура көрбөгөнү байкалбай койгон жок.

Дагы бир жагдай - мурдагы бийликтин өкүлү Ниязов Сооронбай Жээнбеков президенттикке алмашкыс талапкер болгону үчүн эмес, башка себептен улам сунушталганын эске салып өттү. "Атамбаевдин өлкө президенттигине талапкерлер боюнча бекем позициясы Кыргыз мамлекетинин элинин биримдигине кам көрүүдөн келип чыккан жана регионализм менен күрөшүүгө багытталган", -дейт ал.

Жаӊы бийлик 1 жылда элдин турмушуна жаӊылык, өзгөрүү киргизе алдыбы? Талапкер Жээнбеков шайлоо алдында элге көп убадаларды берген. Ал өлкөдө жумушсуздук кыскарып, 240 миӊ жаӊы иш оруну түзүлөрүн айткан. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2018-жылдын 1-сентябрына карата өлкөдө расмий катталган жумушсуздар 2017-жылга салыштырмалуу 9,9 пайызга өстү. Жумушсуздардын саны 2017-жылы ушул маалда 62 миӊди түзсө, азыркы тапта 68,8 миӊди түзүүдө. Демек, Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин 1 жылында өлкөдө жумушсуздук өстү. Өлкө жарандары мурдагыдай эле иш, татыктуу маяна издеп сыртка агылууда. Шайлоо алдында Жээнбеков президент болуп шайланып калса, өлкө экспортко багыт аларын белгилеген. Үстүбүздөгү жылдын 8 айында экспорт 1,6 пайызга төмөндөп, импорт 20 пайызга өсүп кеткен. Ошентип статистика азырынча Жээнбековдун убадалары орундала электигин көрсөтүүдө. Мурдагы бийликтин тушунда сотторго ишенбестик кандай жогору болсо, азыр деле ошондой. Атүгүл мурдагы бийликтин тушунда “Ак Үйдүн буйругун аткарган” деп сындалып жүргөн Жаӊыл Мамбеталы өӊдүү судьялар президент Жээнбековдун сунушу менен кызматтан көтөрүлүүдө.

Коррупцияга каршы күрөш Жээнбековдун башкы ураанына айланганы менен бул күрөштүн реалдуу экенине күмөн жараткан окуялар күчөп баратат. Мурдагы бийликтин тушунда саясий куугунтукка кабылып, ар кандай шылтоолор менен соттолгон Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Садыр Жапаров өӊдүү саясатчылар бийлик алмашкан соң адилеттик издеп кайрылып, биринин да иши кайра кароого алынган жок. Бул Жээнбековдук бийлик эл аралык укуктук уюмдар саясий соттолуучу деп тапкан көрүнүктүү саясатчыларды адилеттүү соттук териштирүү менен камсыз кылууга, аларга өз укугун коргоосуна жол берүүгө ниети жок экенин көрсөтөт. Жээнбековдун президенттик тактыдагы 1 жылы негизинен өзүн бийликке алып келген команданын өзөктүү өкүлдөрүн камоо, Атамбаевдин таасирин азайтуу күрөшү менен өттү...

Каракол шаарынын мэри болуп Адыл Каниметов шайланды. Буга чейин Каниметов аталган шаарда вице-мэрлик кызматты аткарып келген. Караколдун буга чейинки мэри Данияр Арпачиевге шаардык кеӊеш 2 жолу ишенбестик көрсөткөн. Алгачкы жолкусунда шаардык кеңештин чечими премьер Мухаммедкалый Абылгазиевден колдоо таппаган. Шаардык кеӊеш ишеним көрсөтпөө чечимин кайрадан кайталап, Арпачиев кызматтан алынган. Эми бул кызматка Жогорку Кеӊештин мурдагы депутаты Жангороз Каниметовдун баласы келди. Ал президент Сооронбай Жээнбековдун агасы Жусупбек Шариповдун күйөө баласы экени айтылып, коомчулукта кызуу талкууланып жаткан убак. Жогорку кызматтарга президенттин тууган-уругун, жоро-жолдошторун койгон көрүнүш кайра башталдыбы, үй-бүлөлүк-кландык башкаруу ушинтип башталабы дегендер көбөйүүдө. Каниметов өзү тууралуу айтылып жаткан мындай сөздөр боюнча комментарий бербей, журналисттердин бул талкууга чекит коюу максатындагы суроолорун жоопсуз калтырууда. Президент жакындарын мамлекетти башкарууга аралаштырбай турганын бир нече жолку кайрылууларында кайталап айтты. Анын бир туугандары Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка келген соң, үй-бүлөлүк башкарууга шек калтырбоо максатында кызматтарынан баш тартышса коомчулукта кооптонууга себеп калмак эмес. Андай болбогондуктан өлкө башчынын жогорудагыдай сөздөрүнө ишене албай тургандар арбын. Президенттин Украинада элчилик кызматтагы агасы Жусупбек Шариповго дагы бир өлкөдө, Молдовада элчилик кызмат кошулуп берилгени турат. Шариповдун талапкерлигин Жогорку Кеӊештин тийиштүү комитети карап, жактырган. Ушундай окуялардан улам президенттин үй-бүлөлүк башкарууга жол бербейм деген сөзүнө ишенүү кыйындайт...

Орусиялык “Русгидро” компаниясы 37 миллион доллар өндүрүү үчүн Кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берди. Компания 3 жылдан бери чечилбей жаткан талашты Гаага сотунда териштирүүнү чечти. Эмне болгон 37 миллион доллар?

2012-жылы Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча Кыргыз-Орусия өкмөттөрү келишим түзгөн. Анда Кыргыз өкмөтүн Жантөрө Сатыбалдиев жетектеп турган. 2014-жылы “Русгидро” компаниясы аталган ГЭСтерди курууга киришкен. 2015-жылы ал кездеги президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз тарап келишимден бир тараптуу чыгарын, Орусия ГЭСтерди кура албасын, башка инвестор издөө керектигин айтып чыккан. Мындан кийин Кыргыз тараптын демилгеси менен Жогорку Кеӊеш келишимди жокко чыгарган. Документке ылайык, келишимден чыгууну демилгелеген тарап долбоорго коротулган акчаны төлөөгө тийиш эле. "Русгидро" курулушка 37 миллион доллар жумшалды деп чыккан. 37 миллион долларлык эмне иш аткарылганын өкмөт жетекчилиги да, тийиштүү тармактык мекеме да жөндөп айтып бере алган эмес. Жогорку Кеӊеш коротулган чыгымды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүп, анын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов "баалар жогорулатылып көрсөтүлгөн, божомол боюнча айрым объекттерде баа 2 эсе кымбат көрсөтүлгөн" деп билдирген. Келишимге ылайык, "Жогорку Нарын ГЭСтери" ишканасынын уставдык капиталы “Электр станциялары” жана “РусГидронун” ортосунда паритеттик негизде 50-50 пайыздан бөлүнгөн. Кыргыздын Эсептөө палатасы мамлекеттин үлүшү 51 пайыздан жогору болсо гана текшеребиз деп аудит жүргүзбөй алакан жайган. Өкмөт 1 миллион доллар жумшап эл аралык аудит жалдоого болорун, бирок анын жыйынтыгын Орусия тарап тааныбай коюшу мүмкүн экенин айтуу менен чектелген. Муну менен катар өкмөт өкүлдөрү Орусия тарап менен сүйлөшүү жүрүп жатканын, талаш сүйлөшүү жолу менен чечилиши мүмкүндүгүн айтып келишкен. “Русгидронун” эл аралык сотко кайрылганына караганда өкмөт сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыгара алган эмес. 37 миллион долларга эртең пайдасы тийиши мүмкүн болгон эмне иш бүткөнү белгисиз, бирок мамлекеттин моюнуна ошончо карыз илинип калды. Кыргыздын кызыкчылыгына дал келбеген келишим түзүлгөнү үчүн эч кимдин жоопкерчилиги каралган жок. ГЭСтин изи да жок, олчойгон карыз моюнга илинип, өлкө, демек, салык төлөөчүлөр, жебеген самсага пул төлөгөнү турат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан