Бүгүн, 15-октябрда Бишкек шаарындагы Максим Горький атындагы скверде Бүткүл Элдик Курултай өтүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG'ге коомдук ишмер Назарбек Нышанов билдирди.
Курултайдын жүрүшүндө коррупциялык систем менен саясий экономикалык кризисти жоюу жана өлкөнүн келечегине байланышкан меселелер каралууда.
"Курултайга 50гө жакын адам катышып жатат. Курултайдын негизги максаты - коррупциялык системди түп-тамырынан жоюу. Ал үчүн люстрацияны баштап, люстрациялык комитетти түзүү. Ошондой эле бийликке ишенбестик билдирип, элдик көзөмөл кыймылын түзүү болуп саналат. Элдик бийликти орнотуу үчүн Жогорку Элдик конгрессти шайлап, анын 12 мүчөсүнөн турган президиумун шайлоо маселеси каралат", - дейт Нышанов.
Анын айтымында, курултайга 10 миңге жакын адам катышуусу күтүлгөн. Ага өлкө башчысына, Жогорку Кеңештин депутаттарына чакыруу жиберилген. Бирок бийлик өкүлдөрүнүн мүчөлөрү курултайга келген эмес.