Британиянын ханзаадасы Гарри менен жубайы Меган Маркл тун наристесин күтүүдө. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар Кенсингтон хан сарайынын билдирүүсүнө таянып жазып чыгышты.
Маалым болгондой, ханзаада менен ханбийкенин наристеси 2019-жылдын жаз мезгилинде төрөлүп, Британ тактысынын мураскерлеринин тизмесинде сегизинчи саптан орун алары айтылган.
Учурда жубайлар үй-бүлөлүк саякатта жүрүшөт. Алар алгач Австралиянын Сидней шаарына барышкан. Ханзаада Гарри менен ханбийке Меган Марклдын кийинки сапары Жаңы Зеландия, Фиджи Республикасы жана Тонга падышалыгына чейин уланат.