2017-жылдагы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабын жетектеген Фарид Ниязов 1 жылдыкка карата кайрылуу жасады

Бүгүнкү күндө коомчулуктун бир бөлүгү мамлекеттин ички саясатында болуп жаткан өзгөрүүлөргө ирээнжип турат, бирок тарых баарын таразалай турганына ишене бериңиздер. Аталган пикирди 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабын жетектеген Фарид Ниязов жарыялады.

Ниязов президенттик шайлоонун бир жылдыгына, Сооронбай Жээнбековдун утуп чыгышына жана учурдагы саясий абалга карата билдирүү таратты.

Билдирүүнүн толук тексти:

Бүгүн 2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоодо биздин талапкер Сооронбай Шарипович Жээнбеков ишенимдүү жеңишке жетишкен күндөн бери туптуура бир жыл өттү.

Өлкөдө кырдаал өзгөрүп, көпчүлүгүбүздү эки бөлөк саясий жээкке бөлүп таштаганына карабай, биздин ошол кездеги жалпы жеңишибиздин бир жылдыгы менен сиздерди чын жүрөктөн куттуктайм!

Биздин талапкерди Кыргыз Республикасынын президенттик кызматына жеткирүүдө абийирдүүлүк менен жан аябай иштеп бергендерге чын дилимден ыраазычылыгымды билдирмекчимин! Айрыкча айылдарда жана шаарларда шайлоочулар менен түздөн-түз иштешкен карапайым активисттерге жана үгүтчүлөргө өзгөчө ыраазычылыгымды айткым келет. Жалпы ийгиликке сиздердин ар бириңиздер салымыңыздарды коштуңуздар. Сиздер Сооронбай Шариповичке абдан оор шайлоо өнөктүгүн татыктуу өткөрүүгө, шайлоочулар тарабынан жылуу кабыл алынган саясий образды жана карапайым адамдарга түшүнүктүү болгон шайлоо алдындагы платформаны калыптандырууга жардам бердиңиздер.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин туруктуулукка жана өнүгүүгө карай жүргүзүлгөн саясий мураскерлик багытына добуш берүүгө чакырышкан активисттерге өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет. Бүгүнкү күндө коомчулуктун бир бөлүгү мамлекеттин ички саясатында болуп жаткан өзгөрүүлөргө ирээнжип турат, бирок тарых баарын таразалай турганына ишене бериңиздер. Мезгил өткөн сайын чындык кайда экенин, калп менен куру жалаа кайда экенин эл өзү аныктап алат. Ошондой эле ак ниет эмгек менен куру сөздүн, чыныгы жолдоштор жана кошоматчылар менен уйгактардын, пайда жана зыяндын, коррупция менен күрөштүн жана саясий куугунтуктун кайда экенин да эл аныктап алат...

Өткөн жылдагы шайлоого келсек, мен Кыргыз өлкөсүнүн ошол кездеги президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаев туура кылган деген ишеничтемин. Президенттик бир жолку мөөнөт принциптерин так аткаруу да, бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү да демократияны өнүктүрүүгө кошулган баа жеткис салым болду. А.Атамбаевдин өлкө президенттигине талапкерлер боюнча бекем позициясы Кыргыз мамлекетинин элинин биримдигине кам көрүүдөн келип чыккан жана регионализм менен күрөшүүгө багытталган.

Бүгүнкү күндө бийликтин алмашуусу менен коомчулукта болуп жаткан татаал процесстер, биздин көз карашыбызда абдан оор, бирок маанилүү сыноо, биз муну чындыктын жана адилеттүүлүктүн мындан да бийик салтанаты үчүн басып өтүшүбүз керек! Биз бул принциптерди бекем коргой беребиз!

Кыргыз өлкөсүнүн эли жана биздин бүткүл саясий системибиз мааниси болуп көрбөгөндөй тажрыйба алууда. Баарыбыз өлкөнү мурда башкарып, жогорку кызматтарды аркалагандар да, азыркы бийликте отургандар да жетишкен ийгиликтерибизди, кемчиликтерибизди, аны менен кошо кетирген өзүбүздүн катачылыктарыбызды да кылдат иликтеп чыгуубуз керек. Бул тажрыйбадан туура жыйынтык чыгарсак, анда бул жаңы бийликке келечекте мурдагылардын кемчиликтерин четтеткенге, бирок алардын жакшы иштерин улантууга мүмкүнчүлүк берген системди түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле мурдагы бийликке кыпчылып кирип алып кыянаттык кылган шүмшүктөрдү ачыкка чыгарууга, ошондой эле жаңы бийлик өкүлдөрүнүн каршылаштарды саясий куугунтуктоого алуу аракеттерине бөгөт коёт. Чыныгы кылмышкерлер менен коррупционерлерди буйтап кете албас жазага тартууга, ошондой эле Кыргыз мамлекетинин элине ак кызмат кылган адамдарды бекем коргоого алууга мүмкүнчүлүк берет.

Баарыңыздарга бакыт-таалай, чың ден соолук жана ак эмгегиңиздерде ийгиликтерди каалайм! Биздин саясий көз караштарыбыз ар башка болушу ыктымал, бирок максатыбыз бир – бул Конституцияга ылайык, эң жогорку баалуулуктары адам, анын өмүрү, ден соолугу, укугу жана эркиндиги болуп саналган көз карандысыз жана күчтүү Кыргыз өлкөсү!

Урматтоо менен, Фарид Ниязов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо С.Ш.Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан