Экс-депутат Каныбек Осмоналиев сотто акыркы сөзүн сүйлөдү

Бүгүн, 15-октябрда Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиевдин иши каралууда.

Осмоналиевдин адвокаты экс-депутатка коюлган айыптар негизсиз экенин айтып, кылмыш белгилери тергөөдө жана буга чейинки отурумдарда далилденбегенин билдирди.

"Мен 40 жыл билим берүү тармагында эмгектенип келдим. 10 жыл Билим берүү министрлигинде иштедим. Мен мамлекеттик кызматтын көптөгөн баскычында эмгектенсем да баарында мекенге ак кызматымды арнагам. Мага коюлуп жаткан айыптар негизсиз", - деди Осмоналиев сот отурумундагы акыркы сөзүндө.

Ал эми прокурор экс-депутат Каныбек Осмоналиевди 15 жылга эркинен ажыратууну өтүндү.

Сот чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетти.

Осмоналиевге "Кыргыз-Орус Славян университетине 27 абитуриентти мыйзамсыз түрдө окууга киргизди" деген шек менен "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан