Чолпон-Атада киши колдуу каза болгон 9 жашар бала капка муунтулганын анын тууганы айтып берди (сүрөт)

Чолпон-Ата шаарында өлтүрүлгөн 9 жаштагы бала капка муунтулган. Бул тууралуу каза болгон баланын тууганы Нурсултан SUPER.KG порталына билдирди.

"Инибиздин үйдөн алыс чыгып кетмей адаты жок болчу. Аны дайыма карындашым карачу. Ал кайсы жакка барбасын жанына ээрчитип алып жүрчү. Окуя болгон күнү ал короодо ойноп эле жаткан экен. Карындашым болсо, жумуштары менен Чолпон-Ата шаарына чыгып кетиптир. Үйдө болсо эжем (апасы) Жайдарды кошо ала кеткен экен деп ойлоптур. Бирок карындашым бир саатка жетпей келип аны өзү менен алып кетпегенин айтып, Жайдарды издей башташыптыр. Алар кечке чейин издеп жүрүшүп, ал түндө табылды.

Алгач милиция кызматкерлери үй-бүлө мүчөлөрүн суракка алышып, ошол убакта ким каякта жүргөнүн такташты. Балким, араңардан эле дегендей да кылышты. Бирок биз кантип андай кадамга бармак элек? Учурда шектүүнү издеп жатышат.

Инимдин жансыз денеси табылган талаага ал өзү бара албайт болчу. Анткени ал жак алыс. Андан дагы Жайдар тааныбаган кимдир бирөөнү ээрчип кетпейт эле. Аны ал жакка бирөө жарым күч колдонуп алып барган болушу мүмкүн. Аны картошка, пияз салган мүшөк менен муунтушкан. Жездем менен таежемдердин үч баласы бар. Каза болгон уулу үчүнчүсү эле аны жеңем 42 жашында төрөгөн. Үй-бүлөсү менен анын төрөлүшүн абдан күтүшкөн", - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, 1-октябрь күнү эртең менен милицияга арыз менен жергиликтүү тургундардын бири кайрылган. Анда ал 9 жаштагы баласы үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Арадан көп убакыт өтпөй баланын жансыз денеси табылган. Ошондой эле бала аутизм синдрому менен жабыркап келгени маалымдалып, экспертизанын жыйынтыгына ылайык, бала киши колдуу болгону аныкталган.


кошулду
Чолпон-Ата шаарында өлтүрүлгөн 9 жаштагы бала кап менен муунтулган
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
Asylai88
2018-10-15 20:42:25
Куноосуз периштенин козун жалдыратып кайсыл шал болгур ушул ишке барды экен. Ошол олтургон адам наристе жытын жыттаган адам экенби? Адам эмес эки буттуу жырткыч экен, адам дегенге татыбаган айбан.
+4
defne15
2018-10-15 21:01:02
Ким муунтсада, Аллахым озу жазаласын. Чындап боорум ооруду.
+2
murat17
2018-10-15 21:44:06
мыкаачы ким кылса дагы аллах жазасын берсин
+2
maralum93
2018-10-16 02:40:32
оо АЛЛАХ ушу ишти наристелерди какшатып канын алган адамды жер жұзүндө кор болуп жашап өтсүнчү
0
Abdizhapar
2018-10-16 03:54:26
Кайсы мыкаачынын колу барды кудай жазаласын акмакты
0
newman
2018-10-16 07:50:44
Оорукчан бала оор алардын жашоосуна оор болуп аткан жокпу?
+1
aerforce
2018-10-16 08:09:08
эки дүйнө тозоктун отуна күйсүн кантип колу барды акмак
0
adiaza
2018-10-16 08:23:10
Бул жерде толтура версия турат ар кандай, балким ата энесине очошкон бироо да кылып коюшу мумкун
0
satiev87
2018-10-16 11:14:16
Адамдар эмне мынча мыкаачы болуп баратат!
0
Shaa-82
2018-10-16 11:43:32
Кандай колу барды экен муунтканы, бечарам десе, бир чон бироону муунткансышып акмактар. Чон бироо болсо да ии куноосу бардыр же бир нерсе кылгандыр дейсин.
0
Feijipiao
2018-10-16 12:17:16
Ошо карындашында бир мандем бар точнасыле.Ошону каттуу суракка алыш керек.
+1
Shaa-82
2018-10-16 14:17:45
Ий кайрале коруп жаман болтам мен чыдабасам керек эле ата-энесине сабыр берсин! Карындашы Чолпон-Атага барбайле ошону тынчытып салып келбеди бекен? Издерин караш керек экен.
0
Baku88
2018-10-16 14:18:44
Кайсы күнөөсү үчүн өлтүрүп койду экен байкуш наристени
0
Snikers18
2018-10-16 15:11:31
Мынча ширин бала экен эле байкуш. Ким өлтүрсө да, эки дүйнө тозокко түшсүн. Кудай өзү жазаласын ошол маңкуртту! Кичинекей баланы көрүп аябай ичим ачышып жатат.
0
Bars111
2018-10-16 22:32:12
Аутизм- эң жаман оору.
Аути́зм (также известный как инфанти́льный аути́зм (англ. infantile autism), де́тский аути́зм (childhood autism)[2], ра́нний инфанти́льный/де́тский аути́зм (early infantile/childhood autism)[2], синдро́м Ка́ннера или аути́зм Ка́ннера (Kanner's autism)[2], в DSM-IV — аутисти́ческое расстро́йство (autistic disorder)[2] — расстройство, возникающее вследствие нарушения развития головного мозга и характеризующееся выраженным и всесторонним дефицитом социального взаимодейс
0
Bayaz
2018-10-17 02:19:37
Bars111,аутизм эн жаман оору эмес, антип жазбаныз . Менин балам атист бирок силерден айрымачылыгы ойун айталбайт жакшы суйлой албайт, аутизм менен оруган адам эч кандай зыян алып келбейт, жугушту ору эмеско. же сага зыяны тийдиби тушунбой жатам, тура информатцыя жассанар. Оба аркандай формасы категориясы болот,но ошондо деле силерге кандай зыяны тийип жатат ,колдоштун ордуна ушинтесинер, кыргызызтанда орукчандарга колдоштун ордуна ушинтесинер тобо,чет олкодо андай балдарды аланга салып колдошо.
0
Bayaz
2018-10-17 02:29:31
Bars111, эн жаман ору деген созунор,аябай катту тийет екен конул орутарлык, эн жаман оору дебей, тура соз колдонсонор болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан