Япониянын мектептеринде жана компанияларда ыйлаганды үйрөтө башташты

Япониянын мектептеринде жана компанияларда ыйлоо курстары популярдуу боло баштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.
Маалыматка ылайык, аталган курстар окуучуларды жана иштеп жаткан адамдарды стресстен арылтуу үчүн колдонулууда.
Адистердин айтканына таянсак, ыйлап алуу - терс эмоциялардан арылуунун бир жолу. Ыйлап алган адам уктаган же күлгөн адамдан да бат өзүнө келет. Көзгө жаш алуу үчүн кайгылуу, жан дүйнөнү козгой турган тасма көрүп же болбосо муңдуу музыка угуу керек.
Аталган курстан 79 адам өткөн. Алардын көпчүлүгү адам ыйлагысы келсе жана ыйлап жатканда өзүн кармабашы керек экендигин айтышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Shekeev969798
2018-10-16 11:36:37
Кудай сактаа
+1
gitaris93
2018-10-16 12:25:59
Жашоодо кулгонду уйронуш керек
Ыйлаганды турмуш озу уйротуп коет
+7
monkey92
2018-10-16 14:36:58
gitaris93,стресс болгон адам ыйлаганды кой күлгөндү да унутат...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан