Буга чейин "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман Аксы районунун Жерге-Тал айылында кар жаап, күн суук болгонуна карабастан кечинде өчүрүлгөн электр жарыгы азыркыга чейин күйө электигин билдирген.
Бул маселе боюнча Аксы райондук аймактык электр ишканасына байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдиришти.
"Аксы районуна кар жаап, аба ырайы суук. Бактарда жалбырактар толук түшүп бүтө электигине байланыштуу кар жааганда бутактар оорлошуп сынып, электр чубалгыларын үзүп кеткен. Азыркы тапта чубалгыларга коркунуч жараткан бутактарды алып салуу иштери жүрүп жатат. Ал эми атайын бригадалар электр чубалгыларын калыбына келтирүү иштери менен алек. Бардык маселелер чечилсе электр жарыгы дароо берилет", - деп билдиришти.
Ал эми Кадамжай районундагы электр жарыгын өчүрүү боюнча "Ош электр" ишканасына кайрылганыбызда, ал жакта кыш мезгилине даярданууга байланыштуу пландык өчүрүүлөр болуп жатканын жана жергиликтүү калкка бул тууралуу алдын ала маалымдалганын билдиришти.