"Ош базарындагы" "Берекет" соода жайында болгон өрт кырсыгы боюнча сот иши башталды. Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашкандай, алгачкы сот отуруму 15-октябрь күнү Ленин райондук сотунда өтүп, тараптар сурала баштады. Ал эми ишти карап жаткан судья тараптардын макулдугу менен кийинки сот отурумун 25-октябрда улантууну чечкени айтылды.
Ушул жылдын 13-апрелинде “Берекет” соода жайында өрт чыгып, соода жайдын 5 миң 400 чарчы метр аянты күйүп кеткен. Жыйынтыгында 450дөн ашык соодагер 600 миллион сомдой зыянга учураган. Алар бир нече ирет өз талаптары менен өкмөт үйүнүн, Ак Үйдүн алдына барышкан. Бирок дароо чечкиндүү жыйынтыктар болбогондуктан Кулиев көчөсүндө 500 метрдей жерди тосуп алып соода кылып келишет.
Өрт боюнча кылмыш иши козголуп, анын негизинде соода жайдын директору Рафкат Момункулов камакка алынган. Бирок май айынын башында эле ал үй камагына чыгарылып кеткен.
"Берекет" соода жайына чейин "Ош базардын" "Сейтек" кичи базарынан да эки ирет өрт чыгып, соодагерлер ири зыянга учураган.