Буга чейин 46 Кыргыз жараны Бишкектеги "Фиеста сервис" компаниясы аркылуу Түркияда иштеп, бирок эмгек акысын ала албай көчөдө калганы жарыяланган. Бүгүн, 16-октябрда аталган компаниянын жетекчиси Канат Чынботоев жогорудагы жагдай боюнча SUPER.KG'ге түшүндүрүп берди. Анын айтымында, 46 адамдын 17си Кыргыз жерине учмакчы болуп, бирок билеттери жараксыз болуп 3-4 саатка аэропортто кармалып калышкан.
"Биздин компания Түркиянын Кемер шаарындагы "Авангард" деген мейманкана менен келишим түзүп, 46 жаранды июнь айында жумушка жибергенбиз. Алардын бирөө телефон уурдап, экөө жумушка чыкпай коюп келишимди үзгөнбүз. Кийин дагы эки жаран бул жакка келе берген. Ошентип 41 адам калса, алардын 17си дагы айлыктарын күтпөй эле суранып отуруп эрте кетүүнү каалашкан. Шарт боюнча мейманкана жабылганга чейин 6 ай иштөөсү керек болчу. Бирок бул жакта жумуштары бар экенин айтышкандан кийин суранып отуруп макулдук алып бергем. Ошентсе да "15-октябрда айлыгыңарды алып андан кийин кеткиле, кийин алып бере албай калам" деп эскерткем. Себеби алардын акча которгон карточкалары жок мен кантип алып бермек элем? Бирок 13-октябрга билет алдырып аэропортко барышкан. Белгисиз себептерден билеттери жараксыз болуп калып 3-4 саат отуруп калышыптыр. Биздин Түркиядагы өкүл тарабынан алар мейманканага жайгаштырылып учурда айлыктарын күтүп жатышат. Буюрса, ушул жуманын ичинде сентябрда жана октябрда иштеген күндөрүнүн акчасы төлөнүп берилип, 19-октябрда жолго чыгышат. Калган айлыктарын бүт алышкан", - деди Чынботоев.
Ал эми жумушчулар шарты жок жерде жашаганын айтып жатышса, аны Чынботоев төгүнгө чыгарды. Анын белгилешинче, ал жерде иштеп жаткандар мейманкананын ичинде жана сыртында жумуш кылышат. Ал үчүн бардык шарттар каралган.
"Мен дагы 2 ай ошол жерде болуп жакында гана келдим. Жакшы шартта турушат. Бирок Анталия негизинен ысык жер болгондуктан анын баарын мен муздак жерге отургуза албайм да. "Иш таап бер" деп өздөрү келишкен. Анан ар бирине 240 доллардан төлөп жибергенбиз. Экөө гана ал акчаны кайтарып берсе, калганы бере элек. Андан сырткары келишим боюнча ар бири 1 миң 600 лирадан алыш керек болсо, сүйлөшүп отуруп 200 лирага көбөйтүп бергенбиз. Андан сырткары келген коноктордон чай акы алып турушат", - деди компаниянын жетекчиси.