Бишкектеги үйлөрдүн биринен жансыз абалда табылган 17 жаштагы кызды тууганы зордуктоого аракеттенген, кийин аны тумчуктуруп өлтүргөн. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда SUPER.KG'ге күч органдарындагы ишенимдүү булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 15-октябрда Бишкектеги Жеңиш жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде орун алган. Анда тууганынын үйүндө жашап жаткан 17 жаштагы студент кыздын жансыз денеси эртең менен уктоочу бөлмөдөн табылган. Кыздын туугандары "Тез жардам" чакырышкан, алар менен бирге милиция кызматкерлери да келип, кыз муунтулуп өлтүрүлгөнүн жана денесинде көк ала тактар бар экенин аныкташкан.
Иликтөө иштеринин алкагында кыздын туугандары суракка алынган. Кийин кылмышка шектүү катары анын 19 жаштагы эки аталаш тууганы кармалган. Алардын бири кызды зордуктоого аракет кылганын, кыз каршылык көрсөткөндө аны муунтуп өлтүрүп салганын билдирген.
Бишкек ШИИББи бүгүн, 16-октябрда бул кылмышка шектүү катары 19 жаштагы Т.у.Д. аттуу шаар тургуну кармалганын билдирген. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.