Ош шаарынын тургундары өз каражатына Амир-Темир аймактык кеңешиндеги эки көчөнү оңдоодон өткөрүп алышты. Мэриянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, тургундар ал үчүн 1 миллион сомго жакын акча чогултушкан.
Маалым болгондой, Адышев көчөсүнө 100 метр асфальт төшөлүп, ага 540 миң сом сарпталды. Каражат жашоочулар, жеке ишкерлер, шаардык кеңештин депутаты жана аймактык кеңеш тарабынан топтолгон. Мындан тышкары Шолохов көчөсүнө да 80 метр асфальт төшөлүп, ага 390 миң сом сарпталды.