Бишкектеги ишканалардын биринин имаратында 55 жаштагы жаран түтүнгө ууланып каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, 16-октябрь күнү Интергельпо көчөсүндөгү “АБК-Берекет” ишканасынын имаратынын 5-кабатынан өрт чыккан.
"Кароолчунун эс алуу бөлмөсүнүн ичинде 4 чарчы метр кийим-кече, үстөл, килем, жыгач терезе күйгөн. Өрт болгон жерде 1963-жылы туулган К.Р.Т. аттуу жаран түтүнгө ууланып каза болгон. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эрежелердин бузулушу себеп болгон", - деп билдиришти министрликтен.