Башкы прокуратура: "Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскартылышы боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы чыга элек"

Башкы прокуратура Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскартылышын иликтенип жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 17-октябрда мекеменин басма сөз катчысы Наргиза Куватова билдирди.

Ал иликтөөнүн жыйынтыгы чыга электигин айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-июлда Талас облусунун эли менен жолугушууда Конгантиевдин кылмыш ишин иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү Башкы прокуратурага тапшырганын айткан.

13-июлда Башкы прокуратура аталган кылмыш ишин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен өзүнө өткөрүп алып, иликтөөнү баштаганы маалымдалган.

УКМК тарабынан Конгантиевге козголгон кылмыш иши 18-июнда "Конгантиевдин аракеттеринде кылмыштын курамы жок" деп кыскартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан