Бүгүн, 17-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бүгүн Жогорку Кеңеш тышкы иштер министри кызматына 41 жаштагы Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин жактырды. 101 депутаттын баары макул болуп, каршы чыккан эл өкүлү болгон жок. Ушул эле күнү президент тиешелүү жарлыкка кол койду. Эл өкүлдөрүнүн талапкерди жарга такаган суроолору жокко эсе, бирок каалоо-тилектери мол болду. Парламентте мындай көрүнүш көнүмүшкө айланып баратат.
Бир жагдай көңүлдү бурат. Бул тышкы иштер министри кызматына талапкердин чагылгандай тездик менен сунушталышы. Өткөн аптанын жума күнү Эрлан Абдылдаев тышкы иштер министри кызматынан кеткен. Бир иш күнүнөн кийин эле өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев аталган кызматка Чыңгыз Айдарбековду сунуштады. Андан бир күн өтүп-өтпөй парламентте отурган депутаттар жапырт бул сунушту колдоп беришти. Саналуу сааттардан кийин президенттин аны министрлик кызматка дайындаган буйругу чыкты. Баары эбак эле чечилип, макулдашылгандай элес калтырды.
Министрдин чагылгандай тездик менен алмашылышы бир жагдайдан коомчулукту алаксытып кетти. Бул Эрлан Абдылдаевдин кандай окуялардын негизинде 6 жыл бою аркалаган кызматынан кеткендиги. Өкмөт башчы бул тууралуу “Коомдо талкуу болуп жаткан ар кандай маселелер да түрткү болду. Коррупцияга малынды деп айта албайм, териштирүү иштери жүрүп жатат” деди. Бул кагазга оролгон сөздүн артында мурунку элчи Кылычбек Султандын Кыргыз Республикасынын Кореядагы элчиси кезинде чиновник Зууракан Каденованын Сеулдагы жоругун, Тышкы иштер министрлигиндеги былыктарды ачык айтып чыкканы турганы түшүнүктүү. Коопсуздук кеңешинде Кылычбек Султан айткан маалыматтар тастыкталганы учкай айтылып тим болду. Ал эми Эрлан Абдылдаев болсо креслосун бошотуп берүү менен эле кутулганы көрүнүп турат. Президенттин коррупцияны жоём деген ниети чын болсо, анда ТИМдеги Кылычбек Султан айтып чыккан өңдүү иштер иликтенип, жоюлуп, мындай иштерге кимдер жол берип жатканы коомчулукка ачык айтылышы керек болчу. Бирок андай болгон жок. Бийликке андай күрөш эмес, министрлик креслону бошотуу, “өз” адамды алып келүү зарыл болгон өңдүү.
Чыңгыз Айдарбековго келсек, тышкы иштер министри болуп дайындалганга чейин 2016-жылдан бери Кыргыздын Япониядагы элчиси кызматында иштеген. Элчи болуп дайындалганга чейин президенттин иниси Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда анын кол алдында иштегендиги расмий өмүр таржымалында көрүнүп турат. “Интернетте жазып жатышат” дегенди көп айткан депутаттар бул сапар кечээ эле сөз болуп жаткан кептердин чын же калпын териштиргиси келген жок. Тескерисинче, аларды жаңы министрдин Кыргыз мамлекетинин башатында тургандардын бири Иманалы Айдарбековдун урпактарынан болору тууралуу маалымат кызыктырып, “тектүү жердин уулу экенсиз” деп комплимент айтуу, анын англисчесин текшерүү менен убакыт өттү.
Өкмөттө дагы 2 министрдин орду бош турат. Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов 8-октябрда көз жумган. Ал эми эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова 11-октябрда кызматтан кеткен. Буга чейин министрлер кабинетинин курамын өзгөртүү, атүгүл азыркы өкмөттү отставкага кетирүү активдүү талкууга алынып жаткан. Каденованын учактагы чырынан старт алган акыркы окуялар бир эмес, эки министрди кызматтан алып, Абылгазиевдин өкмөт башчылык өмүрүн узартып берди...
Жогорку Сот “Коопсуз шаар” долбоору боюнча арыз 1-ноябрда каралышы мүмкүн экенин билдирди. Мамлекеттик сатып алуулар департаментине караштуу комиссия “Коопсуз шаарды” ишке ашыруу укугун утуп алган орусиялык "Вега" радио куруу концерни" компаниясы боюнча берилген доо арызды канааттандырып, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети Даттануу боюнча комиссиянын чечимине байланыштуу райондор аралык сотко доо арызы менен кайрылган эле. Комитет аталган комиссия чыгарган чечимди жокко чыгарууну суранган.
Кечээ, 16-октябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинде аталган “Коопсуз шаар” долбоору талкууланып, анын ишке ашпай жатышына кызыкдар болуп жаткан тараптарды табууга аракет кылышты. Жыйында депутаттар "Коопсуз шаарга" бут тосуп жатат" деген шек менен бир нече мамлекеттик органдарды аташты. Алардын айтымында, көч башында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Ички иштер жана Каржы министрликтери турат.
Депутат Искендер Матраимов аталган долбоорду коңшу мамлекеттерде ишке ашырып берген компанияларды өлкөгө алып келүүнү сунуштап, өкмөт жоопкерчиликти алса, парламент тендер өткөрбөй эле колдоп берет деди. Эл өкүлү "Коопсуз шаарга" ИИМ менен Каржы министрлигиндеги "крысалар" бут тосуп жатат" деген пикирде. Депутаттар Наталья Никитенко менен Мирлан Жээнчороев да долбоорго бут тоскон чиновниктер бар экенин билдиришти. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов өкмөттө да ошондой шек бар экенин айтып, бирок ал аткаминерлерди аныктоого эч эле мүмкүнчүлүк болбой жатат дегендей алакан жайды. Жыйынтыгында аталган долбоордун кечигип жатканына күнөөлүү мекемелердин жоопкерчилигин кароо жана укуктук баа берүү тапшырмасы Башкы прокуратурага жүктөлдү. Аталган көзөмөлдөөчү орган менен өкмөткө көрүлгөн чаралар боюнча 15-ноябрга чейин маалымат берүү милдеттендирилди.
Айтор, бишкектиктердин коопсуз шаарда жашоо укугун кайсы бир адамдардын тобу ар кандай жолдор менен ишке ашырбай, өкмөт, парламент, президент улам бир тендердин жокко чыгуусун 6 жылдан бери күзөтүп отурушат. Акыркы 9 айда эле өлкөдө 5 миңге чукул жол кырсыгы катталып, 612 киши кайтыш болду...
Башкы прокуратура мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин кылмыш ишинин кыскартылышын иликтеп бүтө элек.
Конгантиев 2008-2010-жылдары ИИМди башкарган, Курманбек Бакиевдин жакын чөйрөсүнө кирген, ошол учурдагы мыйзам бузууларга, саясий куугунтуктарга, киши өлтүрүүлөргө көз жумду мамиле жасаган чиновниктердин бири. 2010-жылы 6-апрелде Таласта митингчилердин көтөрүлүшүн басмакчы болуп барып, катуу таяк жегени белгилүү. Апрель окуясынан кийин Конгантиев Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу) жана 316-беренеси (шалаакылык) боюнча айыпталып, кылмыш иши козголгон. Ал 2010-жылы Талас облусунда катуу токмоктолгондон кийин өлкөдөн чыгып кетип, ошол эле жылы Орусиядан кармалып, мамлекетке өткөрүлүп берилген. Арадан 8 жыл өтүп, ушул жылдын июнунда УКМК "Конгантиевдин ишинде кылмыштын курамы жок" деп ишти кыскартканы коомчулукта катуу сындарды жараткан эле.
Президент Сооронбай Жээнбеков 12-июлда Талас облусунун эли менен болгон жолугушууда Конгантиевге каршы козголгон кылмыш ишинин кыскартылышын иликтеп, тергөөнүн чечимине укуктук баа берүүнү Башкы прокуратурага тапшырганын айткан. 13-июлда аталган орган УКМКдан тергөөнү өзүнө өткөрүп алган. Бирок иштин кыскартылышы боюнча чечимдин мыйзамдуулугу дале иликтенип бүтө элек. Конгантиев 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду колдоп, шайлоо кампаниясында активдүү катышканы элдин эсинде. Андыктан Жээнбеков президенттик кызматка киришкенден кийин 8 жылдан бери жабылбай келе жаткан Конгантиевдин кылмыш ишинин УКМК тарабынан “кылмыштын курамы жок” деп жабылышы, албетте, коомчулукта сындарды жаратып, Бакиевдик режимди кулатыш үчүн кыргыздын жүздөй жаранынын өмүрү курмандыкка чабылганын эске салган. Үч айдан бери Башкы прокуратуранын иликтөөсү аягына чыкпай жаткандыгы да суроо жаратат...