Кыргыз спортчусу Өткүр Асхат уулу Түркияда өтүп жаткан армрестлинг (кол күрөш) боюнча Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль утуп алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Анталия шаарында өтүп жаткан мелдеште Өткүр Асхат уулу 18 жашка чейинки категориядагы оң кол менен күрөшкө катышты. Ал финалга чейин жетип, анда казакстандык Дархан Жусуп менен кездешти. Өткүр Асхат уулу атаандашынан күчтүрөөк болуп, Дүйнө чемпиону наамына татыды. Буга чейин Өткүр Асхат уулу сол кол менен мелдеште финалда жеңилип күмүш медалды тагынган.
Ал эми 21 жашка чейинки категориядагы сол кол менен күрөштө буга чейин алтын медалга татыган Шахман Сулейманов оң кол менен күрөштө бул ирет күмүш медалга татыды.
Айта кетсек, аталган мелдеште 54 өлкөдөн 1200дөн ашуун спортчу катышууда. Кыргыз өлкөсүнөн бул мелдешке 28 спортчу барып, 4 категорияда күч сынашат.