Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңеште тышкы иштер министри кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги жактырылды.
Айдарбековдун талапкерлигин 101 депутат колдоду, "каршы" деп добуш бергендер болгон жок.
"Жаңы өкмөт мүчөсүн колдоп бергениңиздерге рахмат. Президент тышкы саясатты жогорку деңгээлге көтөрүүнү баштап жатат, аны ишке ашыруучу оң колу ушул Чыңгыз Айдарбеков болуп эсептелет", - деди өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев.