Чет өлкөдө иштеп жүрүп каза болгон Кыргыз жарандарынын сөөгүн туулуп өскөн айылына жиберүү үчүн мекендештер дале акча чогултуп келишет. Ошол эле учурда Миграция кызматы өкмөт тарабынан ар бирине 50 миң сомдон төлөнүп берилип жатканын айтууда. Аталган кызматтын Маалымат-консультациялык борборунун башчысынын орун басары Алмаз Алыбаевдин айтымында, акча 3 күндүн ичинде эле берилип жатат.
"Азыр сөөктү алып келүү үчүн акча алууга үч эле документ талап кылабыз. Тактап айтканда, адамдын туулгандыгы тууралуу, өлгөндүгү тууралуу нотариус аркылуу күбөлөндүрүлгөн документ жана акчаны ала турган адамдын паспортунун көчүрмөсү керек. Үч күндүн ичинде карап чыгып, акчаны беребиз. Эгерде жаран Орусияда каза болуп, жогоруда көрсөтүлгөн документтерди биздин кызматка тапшырса акчаны Орусияга деле которуп жиберебиз. Бул жерде маселе жок. Бирок чет өлкөдө бул жаран, тигил жаран каза болду деп аттары аталганы менен факты түрүндө туугандары акча сурап кайрылышпайт. Кээ бир учурда бир сөөктү алып келүү үчүн акча сурап эки адам кайрылып калып жатат. Андай учурда бир эле тараптын арызын карайбыз", - деди Алыбаев.
Маалым болгондой, 10 айда Кыргыз жерине жалпы 132 жарандын сөөгү алып келинген болсо, алардын 119у Орусиядан, үчөө Казакстандан, жетөө Түркиядан, дагы үчөө Түштүк Кореядан алып келинген. Ал үчүн өкмөттүн бир жылга бөлгөн 10 миллион сомунун 6 миллион сому коротулду.