Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын статс-катчысы Таалай Асылбеков кызматтан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Таалай Асылбеков өз каалоосу менен кызматтан бошотулду.
Мамэкотехинспекциянын басма сөз катчысы Анара Мамбеталиева коррупциялык иштерге каршы күрөшөм деп кызматынан кол жууганын айткан. Кийинчерээк "коррупцияга аралашкан" деп аталган мекеменин үч кызматкеринин атын атаган. Алардын катарында Таалай Асылбеков бар болчу.
Мекемелер аралык комиссия тарабынан мыйзам бузгандарды жоопко тартууну өкмөткө сунуштаган. Ошондой эле комиссия Анара Мамбеталиева мыйзамсыз жумуштан алынган деген жыйынтык чыгарышкан. Кечээ, 17-октябрда Анара Мамбеталиеваны кайра мурдагы жумушуна чакырышкан.