"Президент эл менен учса сүйүнбөшүбүз керек". Депутат өлкө башчыга жаңы учак алып бериш керектигин айтты

Депутат Таабалды Тиллаев президенттин коопсуздугуна кабатыр экенин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

“Мен номер биринчи борт жөнүндө айтайын дедим эле. Түркмөнстанга болгон сапарда 5 түрк мамлекеттен президенттер келишти. Ошол жерде эң эски учак биздики экен. Барган жерде учактан тосуп алышат экен, ошондуктан учактын эскилиги мамлекет үчүн уяла турган көрүнүш.

Биз бюджетте жаңы учак сатып алууга каражат жоктугун түшүнөбүз. Бай мамлекеттер менен сүйлөшүп көрдүңүздөрбү? Азыркы учакты Орусия белек катары берген. Өнүккөн биздин достук мамиле курган өлкөлөр менен сүйлөшүп көрдүңүздөрбү?

Президент жөнөкөйлүгү үчүн жалпы каттам менен учуп жатат. Өлкө башчысы эл менен учса сүйүнбөш керек. Анын коопсуздугу мыйзамда так каралган. Кудай сактасын, эртең жаман нерсе болуп кетсе, мамлекеттин тагдыры кандай болот?” - деди Тиллаев.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов номер биринчи учак 1993-жылы чыгарылганын айтты.

“Жогорку Кеңеш колдоп берсе, бул маселени ишке ашырганга аракет кылабыз. Өнүккөн өлкөлөрдөн учак суроо боюнча аракет кыла элекпиз” деди Калилов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан