Стамбулдагы Кыргыз консулдугунун вице-консулу мекенине келе албай жаткан 46 мигрант менен жолугушту

Кыргыз өлкөсүнүн Стамбулдагы Башкы консулдугунун вице-консулу мекенине кайтып келе албай жаткан 46 Кыргыз жараны менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууга мигранттар менен биргеликте алар иштеген мейманкананын жетекчилиги жана жумушка орноштурган "Фиеста сервис" компаниясынын өкүлү катышып, алардын маселелери талкууланган. Мейманкананын аткаруучу директору Жем Фуентес мигранттардын көзүнчө жуманын аягына чейин айлык акыларын төлөп, учак билеттерин алып берүүнү убада кылган. Ал эми мигранттар учурда мейманкана жетекчилиги аларды жатакана жана үч маал тамак менен камсыз кылганын билдиришкен.

Белгилей кетсек, эмгек акысын ала албаган 46 Кыргыз жараны Түркиядан келе албай жатканын SUPER.KG`ге мекенине келе албай жаткан жарандардын бири кабарлаган. Андан соң аты аталган компаниянын жетекчиси абал тууралуу түшүндүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан