Мурдагы актриса, Улуу Британиянын ханбийкеси Меган Марклдын ханзаада Гарриге жасаган мамилеси көпчүлүк интернет колдонуучуларын суктантты.
Меган Марклдын жана Гарринин Австралиянын Даббо шаарына болгон сапарында ханзаада эл алдында сүйлөп жаткан мезгилде жаан жаай баштаган. Ал учурда Меган Маркл кол чатырын жайып, жолдошу сүйлөп бүткүчө аны жаандан калкалап турган.
Даббо шаарынын мэри башында эле кол чатырды кармап турууну сунуштаган. Бирок ханзаада баш тарткан.
"Бардыгы жакшы, менин аялым бар", - деп Гарри күлүп жооп кайтарган.
Ошондой эле интернет колдонуучулар аталган көрүнүштү Дональд Трамп менен болгон окуяга салыштырышкан. Анда Трамп аялы Мелания Трампты жаан жаап жаткан учурда кол чатырсыз таштап кеткен.
"Трамп үйрөн! Жакшы мамиле жана сүйүү кол чатырды кармаганга жардам берет", - деп жазышкан интернет колдонуучулар.