АКШдагы Скриппс институтунун микробиологдору жана химиктери тамеки тартууну таштоо үчүн вакцина ойлоп табышты. Чет элдик ЖМКлардын маалыматына караганда, вакцинанын өзгөчө курамы никотиндин организмден толугу менен чыгышына жардам берет.
Окумуштуулар тарабынан табылган жана модификацияланган NicA2 ферменти адамдын организмине кирген никотинди толугу менен чыгара алат. Ал эми дагы кошумча заттар менен толукталган NicA2-J1 ферменти организмди никотинден арылтып гана эмес, ага болгон көз карандылыкты да толугу менен жоёт.
Жасалган эксперементтин жыйынтыгында никотинден көз каранды болгон чычкандар ферменттин жардамы аркылуу толугу менен никотинге болгон көз карандуулуктан арылышкан.