АКШнын көпчүлүк штаттарында миелит оорусу жайыла баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Дарыгерлердин билдирүүсүнө таянып жазылган маалыматка ылайык, 22 штатта аталган оору менен катталгандардын саны акыркы айларда өсүп кеткен.
"Дартка кабылгандардын 90 пайызы - балдар. Оору эмне себептен улам чыгып жатканын азырынча аныктай элекпиз. Ата-энелер балдары үчүн сарсанаа болушууда. Миелит оорусу жүлүндү жабыркатат. Бул илдеттин алгачкы симптомдору - алсыроо, тердөө, булчуң эттердин оорусу. Аталган ооруга кабылгандардын буту, колдору да кыймылдабай калышы мүмкүн", - деп билдирген дарыгерлер.
Окумуштуулар азыркыга чейин аталган дарт эмне себептен улам келип чыгат жана кандай жолдор менен жугат так аныкташа элек.
Миелит - жүлүндүн сезгенүүсү.