Нурсулу Ахметова президенттик аппараттын бөлүм башчылык кызматынан бошотулду

Президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Нурсулу Ахметова башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалымат боюнча, тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Ахметова бул кызматты 2018-жылдын февраль айынан бери аркалап келген.

Буга чейин ЖЭБ боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия Бишкек ЖЭБди жаңылоо боюнча жооптуу адамдардын тизмесин жарыялаган. Анда Нурсулу Ахметованын дагы аты бар болчу.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаттары тергөөчүгө кайрылып, Нурсулу Ахметованы суракка чакырууну өтүнүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан