Бүгүн, 19-октябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновго УКМК кылмыш ишин козгоду. Адатта жаранга кайсы иштер үчүн иш козголуп, издөөгө жарыяланганы коомчулукка кабарланып келсе, бул ирет УКМК Илмияновго козголгон ишке “жашыруун” деген статус коюп, кенен маалымат берген жок. Икрамжан Илмияновго издөө жарыяланып, Бишкектин Биринчи Май райондук соту кармалса камакка алынсын деген чечим чыгарганы жарыя болду.
Буга чейин “Илмиянов качты, өлкөдөн чыгып кетти” деп ЖМКларда жазылып жаткан кабарларды кулак сыртында калтырып келген УКМК Илмиянов 2018-жылы июнда өлкөдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келе элек деп маалымат таратты.
Жакында 2017-жылы өткөн президенттик шайлоонун 1 жылдыгына карата КСДПнын өкүлү Фарид Ниязов кайрылуу жасаган. Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабын жетектеген Ниязов "бүгүнкү күндө коомчулуктун бир бөлүгү мамлекеттин ички саясатында болуп жаткан өзгөрүүлөргө ирээнжип турат, убагы келгенде чыныгы жолдоштор жана кошоматчылар менен уйгактардын, коррупция менен күрөштүн жана саясий куугунтуктун кайда экенин эл аныктап алат" деген пикирин жарыялаган. Бийликтин колундагы УКМК Илмияновго кылмыш ишин ачып, издөө салганын жогорудагы кайрылууга жооп катары кабыл алгандар да болууда. Бирок Илмиянов азыр Атамбаевдин катарындабы? Ушундай да суроо бар.
КСДПнын бүгүн жарыялаган билдирүүсү Атамбаев “вазирим” деп атачу Илмиянов Жогорку Кеңештеги КСДПчы депутаттар, УКМКнын мурунку төрагасы сыңары экс-президенттен кол үзүп кеткенби деген суроону жаратат. Балким, партия бул адамды алысыраак кармагысы келүүдө. Аталган партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева Илмиянов "саясаттан алыстайм, өзүмдүн иштерим менен алек болом" дегенин, партия көптөн бери байланышта эместигин билдирди.
Икрамжан Илмиянов деген ысым соӊку 7 жылда экс-президент Алмазбек Атамбаевди такай ээрчип жүрдү. Экс-президентти оппоненттери Кыргыз мамлекетин ал эмес, айдоочу Илмиянов башкарып жатат деп сындап жүрүштү. Атамбаев бийликте турганда өзүнүн мурдагы жан сакчы, шоопур, жардамчыларын мамлекеттик жогорку кызматтарга дайындаганы анын кадрдык саясатында дайыма сындала турган пункт катары калат өңдүү. Мисалы, мурдагы жан сакчысы Болот Сүйүмбаев Атамбаевдин тушунда УКМКнын төрагасынын орун басарлыгына чейин көтөрүлдү. Дагы бир жан сакчысы Улан Исраилов Ички иштер министрлигин жетектеди. Булар Атамбаев бийликтен кетерде генерал-майор наамын алышты. Экс-президенттин дагы бир жан сакчысы Дамир Мусакеев Мамлекеттик коргоо кызматын башкарды. Атамбаевдин мурдагы айдоочусу Илмиянов болсо өлкөдөгү “серый кардинал” аталып жүрдү. Ал 2011-2017-жылдар аралыгында президенттин кеӊешчиси, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары жана биринчи орун басары болуп иштеди. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо КСДПдан талапкер болгон. 2017-жылы тизме боюнча депутат болуу кезеги келгенде мандат алуудан баш тарткан. Атамбаев бийликтен кетерине 3 күн калганда Илмияновго III даражадагы "Манас" орденин ыйгарган. Ушуну менен Илмияновдун ысымы саясат талаасында көп айтылбай калган. 2-октябрда Кыргыз медиасына ишкерден 150 миӊ доллар пара талап кылганы үчүн Илмияновго кылмыш иши козголду деген маалымат тарап, бирок аны Башкы прокуратура четке каккан. Ошентсе да Илмияновго карата кылмыш иши козголгону чын болуп чыкты. 2017-жылы экономикалык багыттагы порталдардын бири Илмияновду Кыргызстандагы эӊ бай 100 адамдын тизмесине киргизген. Ушул эле жылы Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып: "Икрамжанды канчалык казсаӊар да эч нерсе таппайсыӊар. Андан эч бир илинчек таппайсыӊар" деген эле. Жаӊы бийлик илинчек тапкан көрүнөт...
Орусиянын президенти Владимир Путин расмий сапар менен Ташкентке барды. Анда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен бирге Борбордук Азиядагы алгачкы атомдук электр станциянын курулушуна старт беришти. Станцияны "Росатом" компаниясы курмакчы. Долбоордун баасы 11 миллиард доллар.
2017-жылы Мирзийоевдин Орусияга алгачкы иш сапарында өлкөлөр ортосунда жалпы суммасы 15 миллиард долларлык 39 документке кол коюлган. Ушул эле жылы декабрда АЭС куруу боюнча Орусия-Өзбекстан ортосунда макулдашуу түзүлгөн. 1 жылга жетпей ири долбоорго старт берилди. Кыргыз өлкөсү 6 жылдан бери 40 миллион долларлык "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашыра албай жатат. Ушул эле орусиялык “Русгидро” компаниясы Камбар-Ата 1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишим түзүп, иш алга жылбай, Кыргыз тарап келишимден баш тартканы үчүн 37 миллион долларлык эсепти жиберип, төлөгүлө деп демитип турган чагы. Орусиянын "Русгидро" компаниясы бул акчаны өндүрүү үчүн жакында Кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берди.
"Росатом" ишканасы Өзбекстанга АЭС курууда EPC келишим түзүлбөй турганын билдирди. Документте буюртмачы менен иш аткаруучунун милдеттери так көрсөтүлөт. Убагында Бишкек жылуулук электр борбору 386 миллион долларга EPC келишимдин негизинде жаӊыланган. Ушундай келишимден улам өкмөт, тийиштүү мекеме 386 миллион доллар кандай жумшалып, кайсы жабдуу канчага сатып алынганын текшербегени кийин билинди. ЕРС келишим - иш аткаруучу компания долбоорду өзү түзүп, керектүү жабдыктарды өзү сатып алып, курулушту өзү жүргүзөт деген сөз.
Эксперттер Өзбекстан менен Орусиянын мамилеси мындан ары жаӊы деӊгээлге көтөрүлөт деп жатышат. Айта кетсек, Өзбекстан Евразиялык экономикалык союзга мүчө эмес. Ага карабай Шавкат Мирзийоев Орусиядан Өзбекстанга ири көлөмдө инвестиция алып келе алды. Дегеле Өзбек жетекчиси өлкөсүнө инвестиция тартууда ийгиликтүү иш алып барууда. Алсак, 2017-жылы Орусия менен 15 миллиард долларлык, ушул эле жылы Мирзийоевдин Кытайга болгон сапарында 23 миллиард долларлык жүздөн ашык келишимге кол коюлган. Быйыл май айында президент Мирзийоев АКШга биринчи иш сапарында Өзбекстан менен АКШнын ортосунда 4,8 миллиард долларлык келишим түзүп кайтты. Жакында Өзбекстан менен Франциянын ортосунда 5,7 миллиард долларлык инвестициялык макулдашууга кол коюлду.
Мирзийоевден кийинчерээк бийликке келген президент Сооронбай Жээнбековдун иш сапарлары Кыргызга кандай пайда алып келүүдө? 1 жыл ичинде Жээнбеков коӊшу өлкөлөргө, Түркия, Орусия, Түркмөнстан, Беларуска иш сапары менен барууга үлгүрдү. Бирок жаӊы инвестициялык долбоорлор, ири суммадагы келишимдер түзүлгөн жок. Мисалы, 2018-жылы апрелде Жээнбеков Түркияга, август айында Түркмөнстанга барды. Анда өкмөттөрдүн дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташтыгы, социалдык камсыздандыруу, мамлекеттик архив жаатында кызматташуу сыяктуу саналуу келишим, меморандумдарга кол коюлду. Ушундай жагдайдан улам өлкө жетекчилигине учурда пайдасы жок саякаттоону токтотуу керек деген сындар айтылып жатат...