Өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарында Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары 5 медаль тагынды

Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында өткөн өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарында Кыргыз спортчулары 5 медаль тагынышты. Мелдеш 19-октябрга караган түнү жыйынтыкталды.

Бул оюндарга Кыргыз өлкөсүнөн 13 спортчу барып, спорттун грек-рим күрөшү, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика, заманбап айкалышкан беш спорт, стритбол жана фехтование түрлөрү боюнча катышты.

Кыргыз спортчулары 3 күмүш жана 2 коло медаль утуп алганга жетишти. Алардын ичинен спортчуларыбыз 3 медалды жеке мелдеште тагынса, 2 медалды командалар арасындагы мелдеште жеңип алышты.

Кыргыз капчыгын медалдар менен суучул Денис Петрашов, балбан Элмирбек Садыров жана фехтование боюнча мелдеште Хасан Баудунов толуктаса, командалык мелдеште Хасан Баудунов күмүш медаль тагынып, дзюдочу Султан Жеңишбеков коло медалга ээ болду.

Сууда сүзүү боюнча мелдеште өлкөнүн спорт чебери Денис Петрашов брасс стилинде 50, 100 жана 200 метр аралыктагы жарышка катышкан. Ал 9-октябрь күнү 100 метр аралыктагы жарышта финалга өтүп, финалда 1 мүнөт 59 секунд жыйынтыгын көрсөтүп 2-орунду ээледи. Денис Петрашов 200 метр аралыктагы жарышта финалга өтө албай калса, 50 метр аралыкта финалга чыгып, бирок байгелүү орундарга илинген жок.

Ошол эле күнү Хасан Баудунов фехтование боюнча мелдеште күч сынашты. Баудунов тайпалык баскычта 5 беттеш өткөрүп, 3 жолу атаандашын утуп, 2 жолу жеңилип калды. Бул жыйынтык менен ал чейрек финалга өтө алып, анда япониялык спортчуну 15:9 эсебинде утту. Жарым финалда спортчубуз тилекке каршы германиялык спортчудан жеңилүү ызасын тартып калды. Коло медаль үчүн күрөштө Хасан Баудунов египеттик Мохаммед Элсаидди 14:13 эсеби менен утуп коло медалдын ээси аталды.

11-октябрда фехтование боюнча мелдештин командалык беттештери орун алды. Анда Хасан Баудунов "Азия-Океания-1" командасына Тайбэй, Япония, Корея жана Гонконгдун спортчулары менен бирге кирди. Алгачкы беттеште Баудуновдун командасы "Азия-Океания-2" командасы менен күч сынашып, 30:23 эсеби менен жеңип алды. Жарым финалда "Азия-Океания-1" "Америка" командасы менен кездешип, 18:15 эсеби менен утуп алышты. Финалдык беттеште "Азия-Океания-1" командасы "Европа-1" командасы менен беттешип, Хасан Баудуновдун командасы 28:25 эсебинде жеңилип калды. Бул жыйынтык менен Хасан Баудунов "Азия-Океания-1" командасы менен күмүш медалдарды тагынды.

11-октябрь күнү дзюдо боюнча мелдеште дагы командалар арасындагы таймаштар орун алды. Анда "Рио-де-Жанейро" командасында кыргыз спортчусу Султан Жеңишбеков катышты. Мелдештин жүрүшүндө Жеңишбековдун командасы жарым чейрек финалда Сидней командасын 4:3 эсебинде утуп, чейрек финалда Атланта командасын 5:4 эсеби менен утту. Жарым финалда Султан Жеңишбековдун командасы, тилекке каршы Афина командасына утулуп, финалга өтө албай калды. Бирок бул жыйынтык менен Султан Жеңишбеков жана анын командасы коло медалдарды тагынды.

13-октябрда Олимпиада оюндарынын алкагындагы грек-рим күрөш боюнча мелдештери старт алган. Анда 60 килограммга чейинки салмак ченинде Кыргыз өлкөсүнөн Элмирбек Садыров катышкан. Садыров чейрек финалдык баскычтан күрөшүп баштап, анда жаңы зеландиялык балбанга мүмкүнчүлүк бербей, 9:0 эсебинде утуп алган. Жарым финалда Элмирбек Садыров мексикалык балбанга каршы келип, аны 9:6 эсебинде утуп алды. Муну менен ал финалга чыгып, анда грузиялык Георги Чхиквадзе менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө грузиялык балбан мыктыраак болуп, 9:0 эсебинде жеңишти илип кетти. Алтын медалдын ээси Чхиквадзе болсо, күмүш медалды Элмирбек Садыров тагынды.

Белгилүү болгондой, эл аралык мелдештерде Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыгып, байгелүү орундарга ээ болгон спортчулар мамлекеттен ар түрдүү сыйлыктарга ээ болушат. Бул ирет дагы спортчуларыбызга акчалай сыйлыктар каралган. Улуттук олимпиадалык комитеттен билдиргендей, бул оюндарда Кыргыз капчыгына алтын медаль алып келген спортчуларга 1 миллион сом, күмүш медаль тагынган спортчулар 500 миң сом жана коло медалды тагынгандарга 250 миң сом сыйлык каралган. Кыргыз спортчулары 5 медаль тагынганы менен алардын 3ү гана аталган сыйлыктарга ээ болушат. Анткени сыйлыктар өлкөбүздүн атынан гана чыккан спортчуларга берилмекчи. Муну менен акчалай сыйлыктарга жеке мелдеште медаль тагынган Денис Петрашов, Хасан Баудунов жана Элмирбек Садыров ээ болушат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан