Кыргыз спортчусу Хасан Баудунов өспүрүмдөр арасындагы Олимпиада оюндарында фехтование боюнча мелдеште күмүш медаль тагынды.
Фехтование боюнча континент командалары арасындагы мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн Хасан Баудунов катышты. Ал Азия-Океания-1 командасына Тайбэй, Япония, Корея жана Гонконгдун спортчулары менен бирге кирди. Алгачкы беттеште Хасан Баудуновдун командасы Азия-Океания-2 командасын 30:23 эсеби менен утуп алып, анда Баудунов япониялык атаандашын жеңди.
Жарым финалда кыргыз спортчунун командасы Америка командасы менен кез келип, 18:15 эсеби менен утуп алышты. Бул таймашта Хасан Баудунов АКШлык спортчу менен кездешип, 3:2 эсеби менен утту.
Финалдык беттеште Азия-Океания-1 командасы Европа-1 командасы менен кез келип, тилекке каршы, Хасан Баудуновдун командасы 28:25 эсебинде жеңилип калды. Баудунов финалда италиялык Вероли Давиде менен кездешти. Беттеш 20:17 эсебинде италиялык спортчунун жеңиши менен аяктады.
Муну менен Европа-1 командасы алтын медалдарды алса, Хасан Баудуновдун Азия-Океания-1 командасы күмүш медалдарга ээ болду.
Айта кетсек, буга чейин Хасан Баудунов коло медалды утуп алган.