"ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу байланышкан окурман "орун бошотуп бербеген жүргүнчү менен жаңжалдашкан аялды милиция кызматкерлери кууп келип маршруттук таксиден түшүрүп калышты" деп билдирди.
"Биз Бишкек-Сокулук багытындагы маршрутук таксиге отуруп жөнөп жатканда бир эле орун калган эле. Ал жерге бир аял келип отурду. Ошол учурда милиция кызматкерлери келип, акыркы болуп отурган аялдын унаадан түшүүсүн өтүнүштү. Анын айтымында "Дордой" базары жакта маршруттук таксиде орун бошотуп бербей койгон башка аял менен уруша кетишиптир. Милиция чакырылып алар "Ош базарына" чейин ушул аялдын артынан келип Сокулукка кеткен маршруткадан тосуп калышты. Ал түшкөн жок. Андан соң биз башка маршруткага отурдук", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.