"Miss Cosmopolitan World-2018" эл аралык сынагына катышкан ырчы Азалия байгелүү орунду камсыздай алган жок

Ырчы Азалия Малайзияда өткөн "Miss Cosmopolitan World-2018" сулуулар сынагында байгелүү орунду камсыздай алган жок. Ырчы менен байланышканыбызда ал SUPER KG'ге буларды айтып берди.

"Финалдык баскычта 32 мамлекеттин ичинен эң көп добуш топтогон 10 өлкөнүн катышуучулары аныкталды. Андан кийин ал тандемден топ 5 тандалып, алардын арасынан Кореялык катышуучу жеңүүчү деп табылды. Кыргыз өлкөсү бул эл аралык сынакка биринчи жолу катышып жатат. Буюрса байгелүү орундар жана жеңиш алдыда", - дейт ырчы.

Белгилей кетсек, "Miss Cosmopolitan World" сулуулар сынагы быйыл 3-ирет Малайзияда өткөрүлүүдө. Сынак 4 баскычтан турат. Биринчи баскычта кыздар бикини менен чыгат, экинчисинде улуттук кийим кийип чыгып улуту тууралуу баян курат, үчүнчү баскычта кече көйнөгү менен калыстардын алдына чыгат. Ал эми төртүнчү баскычта катышуучуларга интернет добуш берүү мөөнөтү жарыяланып, анын жыйынтыгы менен жеңүүчү аныкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Janyjol.86
2018-10-20 02:28:57
Тууганым Сага айттым элего тынч эле уйундо отурсанчы деп
+7
Pchelka85
2018-10-20 08:46:58
Да лааадно?? Я в шоке((( кантип албай калды... е мое....)))ха ха ха... ушундай реакцияны кутсо керек. Ну тан калычтуу эч нерсе жок... кыргызстанда эн сулуу кыз ушул болсо, анда иштин буткону да. Элина Абай кызын жиберсенер болмок. Ошол периште точно бир байгелуу орунду алып келмек.
+3
murat17
2018-10-20 10:27:12
мен айткамын мындан башка кыз жок бекен деп
+2
cholpon119966
2018-10-21 10:14:43
Мен жаман соз айткым келбей турат... Бул кыз да канча аракет, канча каражат жумшап катышып келди, азамат экен, кептин баары эле сулуулук менен бутпойт, аракет, калоо деген да факторлор бар. Капа болбо, мунусунда болбосо башкасында женесин. Жеке жашооно, карьерана ийгиликтерди каалайм.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан