Канадада карылар үйү менен балдар үйүн бириктиришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, мындай чечим өзгөчө жыйынтык берген. Дарыгерлердин айтымында, балдардын да, карылардын да ден соолугу жакшырган. Балдар биринчи жолу өзүнө ишенбеген, тартынчаак мүнөзүн жеңип, бир заматта ызы-чуу түшүргөн шок балдарга айланган.
"Карылыр үйү менен балдар үйүн бириктирүү аркылуу балдар үй-бүлөлүү болуу кандай экенин сезсе, улгайган адамдар кайрадан неберелерге толгон үйүнө кайтып баргандай болушту. Бул ата-энесиз балдарга жана жалгыз бой карыларга эмне керектигин түшүнгөн мыкты инсандардын чечими", - деди дарыгерлердин бири.