ЭЛДИК КАБАР: Баткенде эшек баккандар менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыкты

Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Борбордук айылында эшек багуучулар менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда SUPER.KG порталына окурман билдирди.

"Бир айылдашыбыз эшегин талаадан 15-20 күн мурда жоготкон. Жоголгон эшеги көп эшек багылган короодон табылды, бирок аны алып чыгып кетүүгө короо ээлери каршы болгон. Мындан улам жабырлануучу айылдаштарына кайрылганда, биз барып өз көзүбүз менен көрдүк. Ал короодо 100-150дөй эшектин турганын көрдүк. Эшек бизнеси буга чейин эле болуп келген экен.

Айылда мал уурдоо боюнча үрөй учурган окуялар болуп келген, бирок биринин да бети ачылган эмес. Эшек менен бизнес кылган адам өзүн Эмил деп тааныштырып, Оштон болорун айтты. Эшек бизнесмендеринин айтуусу боюнча, эшектер багылган жай тууралуу милиция, чек ара заставасы, айыл өкмөтү, баары кабардар болгон, керектүү документтери бар", - дейт окурман.

SUPER.KG порталы экинчи тараптын пикирин угуп, чагылдырууга даяр.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Баткенде эшек баккандар менен айыл тургундарынын ортосунда чыр чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Ibrahim1122
2018-10-21 17:37:36
Менин эшегим дагы жүрөт го арасында)))
+8
monster_high_98
2018-10-21 18:13:32
Эшектин убалынан корксонорчу,ал деле жаныбар го
+3
Koichuman
2018-10-21 18:44:14
Бир 5-жылан кийин эшек калбайт кыргызстанда бир дагы.
+5
milan-707
2018-10-21 19:08:13
Бир эмес 2жылдан кийин эшекти зоопарктан коруп калабыз кара кара эшек деп
+13
Kgda
2018-10-21 19:10:25
Эшек бакса бакандыр, колунан келеби сен да бак.
-13
oscar
2018-10-21 19:26:49
Бирөө келип сатып кетсе керек
+3
Kuba-savai87
2018-10-21 20:04:47
Ушул айдын женучуусу сен болдун
+6
Alia82
2018-10-21 20:23:52
90 доллар деп баа коюп алганын дагы.
99 доллар 90сент деп койбопсун
+4
Benazir08
2018-10-21 20:32:02
Эшкаларга бир закон чыгарышсын этин мынага терисин мынага иштетебиз деп чондор мне бп атат бул да бир депутаттын бизнеси да озу мусулманчылыка туура келбеген нерсе же дагы канча эшканын шорун даамдап кордук ким билет ой эл журт кайда баратабыз ариет намыс кайда калды а?
+3
bond02
2018-10-21 20:43:57
Бактырган адамды да ошолорго кошуп камап коюш керек да.
+4
s81
2018-10-21 21:28:12
Эшекти самсыга айдайтко
+3
maks94.kb
2018-10-21 22:19:20
Эх адамдар арзыбаган акчанын кулу болуп кайда баратабыз эртенки кунду ойлойлучу
+1
ALATOOLUK.JIGIT
2018-10-21 22:40:36
Э калайык,ушуну кайра эле озубузго жедирип жатышпайбы. Самсы бизнеси бутту,колбасадан этият болгула деп атышат. Тируу бойдон эле мясорубкага киргизип жиберет дейт.
+2
simone
2018-10-21 23:32:19
Коруп алып боорум ооруду байкуш эшектер...
0
Aikaaaa
2018-10-21 23:35:35
Эшектерди да кызыл китепке киргизиш керек болуп калды, жоготуп бүтүрөбүз го
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан