Жол кырсыгынан кийинки урушта каза болгон чиновниктин өлүмү боюнча 2 адам камакка алынды

"Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаевдин өлүмү боюнча 2 адам камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы кабарлады.

21-октябрь күнү саат 20:00 чамаларында Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөсүндө Лексус жана Тойота Камри үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Кырсыктан кийин Жакыпбаев менен экинчи унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсүнүн ортосунда уруш чыккан. Ортодогу жакалашуудан улам чиновник жыгылып түшүп, башы жолдун чекесиндеги бордюрга тийип, окуя болгон жерден каза болуп калган.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен жана Жазык-процесстик кодекстин 94-беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары окуяга катышы бар 2 адам кармалган.

Кармалгандардын бири унаа айдоочусу болсо, экинчиси анын жүргүнчүсү болгон. Учурда алар камакка алынып, териштирүү иштери улантылып жатат.



Бишкекте жол кырсыгынан кийинки мушташтан чиновник каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2018-10-22 13:17:10
Кутулбой келген кырсыгындан сакта Кудайым. Карандай дооматтан да сакта.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан