Кыргыз өлкөсүнүн Киров суу сактагычынын 90 пайызын Казакстан колдонот

"Эмне үчүн суу сактагычтарыбыздан пайда таппайбыз" деп сурады депутат Кенжебек Бокоев парламенттик комитеттин жыйынында.

Эл өкүлү Киров суу сактагычына жылына канча каражат жумшаларына кызыкты.

"Киров суу сактагычынын суусунун 90 пайызы Казакстанга кетсе, эмне үчүн биз ага көп каражат жумшашыбыз керек? Кировду сактап туруш үчүн канча каражат кетет? Эмне үчүн биз суу сактагычтардан пайда таба албайбыз? Стратегиялык объектибизге алар цементине чейин өздөрү алып келип, ремонттоп чыгып кетип жатышат", - деди Бокоев.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев жылына Кировго 4,5 миллион сом каражат кетерин айтып, анын 1,5 миллион сомун гана Кыргыз өлкөсү сарптай турганын айтты.

"Киров суу сактагычынын капиталдык ремонтун Казакстан моюнуна алган. Быйылкы жумуштун 70 пайызы бүтүп калды. Коңшу өлкөнүн Айыл чарба министрлиги менен сүйлөштүк. 2019-жылы ремонтту биз жүргүзө турган болдук", - деди Мурашев.

Учурда комитетте 2019-жылдын бюджети каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Koichuman
2018-10-22 11:28:55
Туура суроо бериптир депутат. 2019-неге биз ремонт кылышыбыз керек болгону 10/-биз иштетсек. Жебеген самсага акча толоп журо бергиле.
+1
sely
2018-10-22 12:10:14
Ошент тиги муну иштетет ал тигини иштетет деп конушу олколорго бербеген сатпаган эмненер каллы деги. Биздин атка минерлер билесинерби силер ушунчалык жанды кашайттынар.
+1
nazgul1905
2018-10-22 13:07:29
ХХХХХХХХ уяты жоктор!!! Дагы кайсы бетинер менен тылтыйып айтып отурасынар 10пайызын гана биз колдонобуз деп,ХХХХХХХ!!! Кыргыз элинин бюджетин эмнеге жеп отурасынар колунардан эч нерсе келбегенден кийин ХХХХХХХ?
+1
Nursbaike
2018-10-22 13:34:10
### ушундай суу коншу олкодо болгондо Кыргызстандын шалбыр аткаминерлери суусуз калтырмак шугур кудайдан бергени мн эле жашап келатабыз . Шалбырлар ХХХХХХХ бут муж менен камсыздап артканын бер башка олкого бекер бересинби сатасынбы озунун ишин бизге сталиндей адам керек болуп калды
+1
admin_superstan
2018-10-22 14:30:33
Nursbaike, nazgul1905, этика нормаларын сактагыла!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан