Депутат Марлен Маматалиев: "Инвестиция тартуу боюнча шарттар көп, ошону колдонуу керек"

Өткөн аптада Орусиянын президенти Владимир Путин расмий сапары менен Ташкентке барган. Путин менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Борбордук Азиядагы алгачкы атомдук электр станциянын курулушун баштап беришти. 11 миллиард долларга бааланган станцияны "Росатом" компаниясы курат.

SUPER.KG порталынын "ЕАЭБге кирбеген Өзбекстан миллиарддаган доллар инвестиция тартып, экспортун жогорулатууда. Аталган биримдикке кирген Кыргыз өлкөсүнүн колун эмне байлап жатат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жооп берди.

Ал инвестиция тартуу үчүн ЕАЭБдин эч кандай тиешеси жок экенин белгиледи.

"Инвестиция тартуу үчүн бизге эч нерсе тоскоолдук болбойт. Кыргыз мамлекети ЕАЭБдин ичиндеби же ичинде эмеспи, инвестиция тартуунун буга эч кандай тиешеси жок. Инвестицияны ЕАЭБде болуп туруп деле тартса болот. Кытайдан инвестиция тартса болот. Бул маселе боюнча өкмөттүн иши жакшы жүрбөй жатат. Өкмөт орчундуу маселелерди көтөрүп, инвестиция тартышы керек эле. Шарттар көп, ошол шарттарды колдонуш керек. Мамлекеттин даражасын көтөрүшүбүз керек. Көп ишкерлер Өзбекстанга кетип жатат. Анткени Өзбекстанда текшерүүгө мораторий киргизилген. Инвестиция тартуу үчүн Кыргыз өклөсү коңшу мамлекеттерге окшоп иш алып барышы керек", - дейт Маматалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, экономика илимдеринин докторлору Төлөнбек Абдыров, Айылчы Сарыбаев, эксперт Азамат Аттокуровдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан