Биз социалдык тармакта

Жалал-Абаддагы "Маркай" кенин иштетүүгө инвестиция тартылды

Жалал-Абад облусунда жайгашкан "Маркай" көмүр кенин өздөштүрүү жана өндүрүш көлөмүн көбөйтүү үчүн инвестиция тартылды. Бул тууралуу кечээ, 24-ноябрда "Кыргызкөмүр" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында кендин ишин жандандыруу, көмүр өндүрүүнү кеңейтүү жана жергиликтүү калкты жеткиликтүү баада көмүр менен камсыздоо пландалууда.

"Учурда кенде жумушчулар көмүр катмарына жетишти. Ошондой эле ленталык конвейер орнотулууда. Ал ишке киргизилгенден кийин көмүрдү калкка сатуу башталат",- деп айтылат маалыматта.

Долбоор аймактын энергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга жана калкты көмүр менен камсыздоону жакшыртууга багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан