Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров: "Бизде кызмат талашуу болуп жатса, кайдагы өнүгүү болмок эле"

Өткөн аптада Орусиянын президенти Владимир Путинрасмий сапары менен Ташкентке барган. Путин менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Борбордук Азиядагы алгачкы атомдук электр станциянын курулушун баштап беришти. 11 миллиард долларга бааланган станцияны "Росатом" компаниясы курат.

SUPER.KG порталынын "ЕАЭБге кирбеген Өзбекстан миллиарддаган доллар инвестиция тартып, экспортун жогорулатууда. Аталган биримдикке кирген Кыргыз өлкөсүнүн колун эмне байлап жатат?" деген соболуна экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров жооп берди.

Ал Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун негизиндеги 47 техникалык регламентти киргизип койсок, ЕАЭБге киргенде күчтүү болуп, атаандаштыкка туруштук бермекпиз деген пикирде.

"Ошондуктан алар 8 атомдук электр станцияны куруп, дагы энергетикалык дараметин жогорулатып, электр энергиясын сатышат.

Кыргыз мамлекети 1998-жылы эле Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирген. Бул уюмга киргенибиз менен эч жыйынтык да, майнап да чыккан жок. Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун негизиндеги 47 техникалык регламентти киргизип койсок, ЕАЭБге киргенде күчтүү болуп, атаандаштыкка туруштук бермекпиз. Биздин ишканалар жакшы иштеп, товарларды экспорттомок. Бирок анын баарын иштеткен жокпуз. Анан ЕАЭБге кирдик, ал жерде 35 техникалык регламент бар. Аны деле бүгүнкү күнгө чейин ким эмне кылып киргизип жатат? Айыл чарба продукциясы баягы эле бойдон Орусиядан кайра кайтууда. Майда ишканалар иштеп, чоң көлөмдөгү продукцияларды иштете албай кыйналып жатабыз. Мамлекет көп мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, майда ишканаларды бириктирип, чоң көлөмдөгү продукцияларды иштетип чыкса жакшы болмок. Ошондо экспорттук дарамет жогоруламак. Орусиянын министри картошканы же башка продукцияны үзгүлтүксүз, ай сайын миңдеген тонналап экспорттосок алыша турганын айтты. Өзүбүз аракет кылышыбыз керек. Бизде кызмат талашуу болуп жатса, кайдагы өнүгүү болмок эле", - дейт Абдыров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Эльвира Сурабалдиева, Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев, эксперт Азамат Аттокуровдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан