Өткөн аптада Орусиянын президенти Владимир Путин расмий сапары менен Ташкентке барган. Путин менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Борбордук Азиядагы алгачкы атомдук электр станциянын курулушун баштап беришти. 11 миллиард долларга бааланган станцияны "Росатом" компаниясы курат.
SUPER.KG порталынын "ЕАЭБге кирбеген Өзбекстан миллиарддаган доллар инвестиция тартып, экспортун жогорулатууда. Аталган биримдикке кирген Кыргыз өлкөсүнүн колун эмне байлап жатат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева жооп берди.
Ал ЕАЭБдеги өкүлдөрүбүз Орусияга кызмат кылып, чыныгы миссиясын унутуп калган деген пикирде.
"ЕАЭБге кирерден мурун ойлонуу керек эле. Москвага барып, Орусия айткан шарттар менен эле кирип алганбыз. Эми эч нерсе жасай албай жатабыз. Армения жакында эле “ЕАЭБ менен келишпей жатабыз” деп айтып чыкты го. Бизде орус тили - расмий тил. Ошондой эле аталган өлкө менен тарыхыбыз байланышканы менен экономикалык жактан кыйналып жатканыбыз чындык. Көптөн бери “ЕАЭБдеги өкүлдөрдү чакыргыла, кандай маселелер болуп жаткандыгы боюнча маалымат алалы” деп талап коюп келе жатабыз. Алар келишсе бул маселени тармактык комитетте карамакпыз. ЕАЭБдеги өкүлдөрүбүз Орусияга кызмат кылып жатышкандай. Ал эми Өзбекстандын ири инвестицияларды тартып жатканына жетекчисинин алмашканы таасир этсе керек. Жаңы президент келгени үчүн башка мамлекеттер кызыгып жатат. Алар экономикалык жактан кескин кадамга баруу аракетинде. Эми кандай жыйынтык болорун алдыда көрөбүз. Албетте, Өзбекстан менен Орусиянын саясий алакасы жакшырды, экономикалык алакасы эми билинет. Бизде болсо саясий туруктуулук жок болуп жатканы үчүн инвестиция тартылбай жатат. Бир жылда эле өкмөт башчылар алмашып кетип жатат да", - деди ал.
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңештин экс-депутатыРавшан Жээнбеков, экономика илимдеринин докторлору Төлөнбек Абдыров, Айылчы Сарыбаев, эксперт Азамат Аттокуровдун пикири төмөнкү шилтемеде.