Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев: "Бизге келген инвесторду өкмөт да, бандиттер да, эл да тоноп жатат"

Өткөн аптада Орусиянын президенти Владимир Путин расмий сапары менен Ташкентке барган. Путин менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Борбордук Азиядагы алгачкы атомдук электр станциянын курулушун баштап беришти. 11 миллиард долларга бааланган станцияны "Росатом" компаниясы курат.

SUPER.KG порталынын "ЕАЭБге кирбеген Өзбекстан миллиарддаган доллар инвестиция тартып, экспортун жогорулатууда. Аталган биримдикке кирген Кыргыз өлкөсүнүн колун эмне байлап жатат?" деген соболуна экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев жооп берди.

Ал Кыргыз өлкөсүндө мыйзам иштеп, эл эмгектенгенди үйрөнмөйүнчө инвестиция келбейт деген пикирде.

"Өзбекстан - экономикалык жана аскердик потенциалы жогору Орто Азиядагы эң алдыңкы өлкө. Алар биз сыяктуу мүлкүнүн баарын таратып, жок кылган эмес. Өзбекстанда Тогуз-Торо районундагыга окшоп инвесторлорду талап, тоноп жибербейт. Бизде демократия дегени менен, тартип, тынчтык жок болуп жатат. Өзбекстанда болсо мыйзам иштейт, эли ишке жөндөмдүү. Бул Орусия үчүн завод, фабрика курууга ыңгайлуу. Орусия үчүн Өзбекстан Ооганстанга таасир берүүчү буферлик аймак. Бул мамлекетке Кытай, Орусия эле эмес, АКШ да чоң баа берет. Эли иштөөнү каалап турат. Мындай артыкчылыктар менен Өзбекстандын 30-40 миллиард долларлык келишим түзгөнү кадыресе көрүнүш.
Учурунда "Ислам Каримов акмак" деп кыйкыра беришчү. Мыйзамга өзбекстандыктарды Каримов көндүргөн. Эми алар анын эмгегин иш жүзүндө көрсөтүп жатышат. Коррупцияны жоюп, иштегенди үйрөнсөк, бизге да инвестиция келет. Азыр кытай келсе да, казак келсе да тонойбуз. Инвесторду өкмөт да, бандиттер да, эл да тоноп жатат.
Президенттер инвестиция боюнча сүйлөшөт дейли, бирок бизде ички механизм туура эмес болуп жатпайбы. Кытайлар эми Өзбекстан, Казакстанга көңүл буруп, бизди унута баштады. Керегибиз жок болуп калды. ЕАЭБден пайда табуу үчүн уюштуруу иштерин жакшыртып, лабораторияларды куруу зарыл. Ошондо гана бул биримдиктен пайда алабыз", - деди Сарыбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Эльвира Сурабалдиева, Жогорку Кеңештин экс-депутатыРавшан Жээнбеков, экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров, эксперт Азамат Аттокуровдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан